7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир үй бүлөнүн каргашалуу өлүмү. Соттук отурум жылдырылды

810

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда апасы, уулу жана кызынын өлүмүнө шектелип өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Аширалиевдин доо арызы каралмак.

Соттук отурум 10-январга жылдырылганын Бишкек шаардык сотунан кабарлашты. Буга айыпталуучу тараптын жактоочусунун келбегени себеп болгон.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайонунда апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси алар жашаган үйдө табылган. Кылмышка шектүү Аширалиевди Октябрь райондук сотунда судья күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

 

811