7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир үй-бүлөнүн өмүрүн алган каргашалуу окуя. Үй ээси Орусиядан келгенине 3 күн болгон

1228

29-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда каргашалуу окуя катталганы, анда бир үй-бүлөдөн 6 адам жансыз абалда табылганы маалым болгон.

Иске ууланып каза болду делген үй-бүлөнүн кожоюну Орусиядан келгенине үч күн болгон. 36 жаштагы жаран Орусияда эмгектенип, үй-бүлөсүн бакчу. Бул тууралуу Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргал Дыканов Салам Медиага билдирген.

Дыкановдун айтымында окуядан соң тийиштүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Окуя 29-декабрдын түнүндө болгон. Үйдү жылытуу үчүн эки электр меши сайылгандыктан, электр зымдарына күч келип, ээрип, үйдүн ичи иске толуп 6 адам каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда жубайлар токко урунуп каза болгону болжолдонууда. Анткени жубайлардын денеси уктоочу бөлмөсүнөн эмес, үйдүн кире беришинен (залдан) табылган. Жубайлардын колдорунда токко урунуунун белгилери болгон.
4 бала балдар бөлмөсүндө уктаган бойдон иске ууланып каза болушкан. Жубайлардын эки уул бир кызы болгон. Дагы бир бала, агасынын баласы болгон.
Окуя 29-декарь түнү болгон болсо 30-декабрда кечинде гана белгилүү болгон. Үй ээсинин бир тууган агасы көп жолу телефон чалып, байланыша албаган соң, үйүнө келип, окуяга күбө болгон.

31-декабрда бир туугандары алардын үйүндө жаңы-жыл тосушмак.

Облустук милиция да бул окуя боюнча, үйдү жылытуу үчүн сайылган эки электр жылыткычынын айынан электр зымдары ээрип күйүп, үйдүн ичиндеги диван жана жерге төшөлгөн паластар күйүп, үйдүн ичи түтүнгө толуп, 6 адамдын ууланып каза болушкандыгын тастыктады.

Учурда окуя боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1229