Астанада мечитте имамды 13 жолу бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 13-март күнү, Жибек Жолу айылынын тургуну нике кыйдырган. Бир күндөн кийин ал аялы менен урушуп кеткен. Андан соң, киши борбордогу мечитке барып, намаз учурунда имамга 13 жолу бычак сайып салган. Маалым болгондой, имам ооруканага жаткырылып, абалы оор.
Шектүү кылмыш болгон жерден кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат