7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

354

Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө ишкердикти баштоо үчүн 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында “Финансылык сабаттуулук” аталышында окутуу өткөрүлдү. Ага шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы, тиешелүү мекеме,ишканалардын адистери жана шаар тургундары катышты.

Алгач аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча адистер тарабынан жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча каражаттарын туура колдонуу, каржылык маселелерди түшүнүү боюнча маалыматтар айтылып, окутуу суроо-жооп менен улантылды.

Эске салсак, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынан 50 үй-бүлө социалдык келишим долбооруна катышып, жеке ишкердигин баштаган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

355