Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 352 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдирди.
Жуктургандар:
- Бишкек шаарында – 803,
- Ош шаарында – 42,
- Чүй облусунда – 189 ,
- Ош облусунда – 67,
- Талас облусунда – 29,
- Нарын облусунда – 24,
- Ысык-Көл облусунда – 37,
- Жалал-Абад облусунда – 80,
- Баткен облусунда – 81.
Айыккандар:
- Бишкек шаарында – 293,
- Ош шаарында – 80,
- Чүй облусунда – 96,
- Ош облусунда – 70,
- Талас облусунда – 10,
- Нарын облусунда – 9,
- Ысык-Көл облусунда – 27,
- Жалал-Абад облусунда – 71,
- Баткен облусунда – 9 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында — 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 38 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 543 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 943 медкызматкер айыгып чыкты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 129 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 111 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 27 адам каза болду.