Канадада аптаптуу ысыктан шаардын 90% жабыркады. Бул тууралуу BBC News билдирди.
Маалыматка ылайык, 15 мүнөттүн ичинде эле өрт калктуу конушка жайылып, жергиликтүү тургундар унаалары менен шаардан алыс кетишкен.
«Ысык жана шамал кырдаалды ого бетер курчутуп, өрттүн тез жайылышына жардам берди. Айрым маалыматтарга караганда, анын ылдамдыгы саатына 10, ал тургай 20 чакырымды түзгөн. Өрт Британ Колумбиясынын ГЭСтерине жана анын айланасындагы инфраструктурага чоң зыян келтирген»,-деп берилет маалыматта.
Буга чейин өлкөдө температуранын рекорддук деңгээлин көрсөткөн Литтон шаары болгон.
Эске салсак, Канадада акыркы жумада күндүн табы 49,6% градуска чейин көтөрүлүп, 486 адамдын өмүрүн алган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram