7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир катар документтерге кол коюлду. Бүгүн Өзбекстандын тышкы иштер министри Бишкекке келди

574

Бүгүн, 3-ноябрда КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргызстанга расмий иш сапары болуп өттү.

Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары абдан мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ишеним көрсөтүү жана салттуу достук маанайда тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, аларды саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты. Алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жана эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен макулдашууларга жетишишти. Айрым маселелер боюнча чечүү жолдорун белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында динамикалуу өнүгүп келе жаткандыгы тууралуу бир пикирде болуп, бир тууган элдердин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, тилдик, руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү ниеттерин белгилешти.

Өзбекстандын президенти Ш.М.Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду. Министрлер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен иш сапардын мазмундуу бөлүгүн иштеп чыгууну активдештирүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, КРнын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышты.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Тышкы иштер министри В.И.Норовду кабыл алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575