7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир катар товарларга нөл пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын ставкасы белгиленди

698

Кыргызстандын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын ставкасы белгиленди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 “Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети токтом кылат:

— Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын ставкасы белгиленсин;

— 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын  31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699