7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир нече оор кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн «Х» унаа жуучу жайда иштеп жаткан жеринен кармалды

1540

Бишкекте бир нече оор кылмыштарды жасаган деп издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Шектүү буга чейин,

  • 231-берене — «Кылмыштуу топту уюштуруу»,
  • 97-берене — «Адам өлтүрүү»,
  • 172-берене — «Автотранспортту мыйзамсыз ээлеп алуу»,
  • 164-берене — «Уурулук»,
  • 168-берене — «Каракчылык»,
  • 245-берене — «Атуучу куралды уурдоо»,
  • 174-берене — «Бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу»,
  • 348-берене — «Мөөрлөрдү жана расмий документтерди уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу» сыяктуу оор кылмыштарды жасаган.

Маалыматка ылайык,  28-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине «Х» каймана аты бар адам жанында курал алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөөнүн алкагында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Бишкек ШИИББинин спецназдары менен биргеликте кылмышка шектүү катары «Х» каймана аттуу 1990-жылы туулган С.Ж. аттуу жаранды кармаган. Жеке текшерүү учурунда номерлери өчүрүлгөн «PM» маркасындагы ок атуучу курал табылган.

Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1541