Орусиянын ички иштер министрлиги мигранттарды өлкө аймагына киргизүү режимин өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттө, узак убакытка келүү жана дайымкы жашагандар болуп үч режимде киргизүү пландалууда.
Бул өлкөдө узак убакытка калуу режиминде чет өлкөлүк жарандар жарым жыл ичинде, тагыраагы 90 күндөн ашык убакытка кала алышат. Ал эми кыска аралыкта өлкөдө калуу режими аталган аймакта 90 күн же андан аз убакытка калууга уруксат берилет. Эгер андан кийин өлкөдө калууну кааласа, узак мөөнөт режимине өзгөртө алат.
Ошондой эле дайыма жашаган чет өлкөлүктөргө туруктуу жашап туруу укугу берилет жана жарандык алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.
Белгилей кетсек, миграциялык режимди өзгөртүү чет өлкөлүк жарандарды эмгек ишкерлигине тартуу максатын көздөйт.