Бишкекте бир нече оор кылмыштарды жасаган деп издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Шектүү буга чейин,
- 231-берене — «Кылмыштуу топту уюштуруу»,
- 97-берене — «Адам өлтүрүү»,
- 172-берене — «Автотранспортту мыйзамсыз ээлеп алуу»,
- 164-берене — «Уурулук»,
- 168-берене — «Каракчылык»,
- 245-берене — «Атуучу куралды уурдоо»,
- 174-берене — «Бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу»,
- 348-берене — «Мөөрлөрдү жана расмий документтерди уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу» сыяктуу оор кылмыштарды жасаган.
Маалыматка ылайык, 28-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине «Х» каймана аты бар адам жанында курал алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тергөөнүн алкагында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Бишкек ШИИББинин спецназдары менен биргеликте кылмышка шектүү катары «Х» каймана аттуу 1990-жылы туулган С.Ж. аттуу жаранды кармаган. Жеке текшерүү учурунда номерлери өчүрүлгөн «PM» маркасындагы ок атуучу курал табылган.
Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.