7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бир нече жолу башка ургулап…» Караколдо киши өлтүрүүгө шектүү жашынып жүргөн жеринен кармалды

782

Караколдо адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү саат таңкы 05:00 чамасында Каракол ШИИБнин нөөмөт кызматына кабар түшүп, анда Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен азият улутундагы адамдын кан болгон денеси табылганы маалымдалган.

Аталган факт Каракол ШИИБнин Кылмыштиардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 130 (Адам өлтүрүү) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге келген милициянын тергөө-ыкчам тобу сырткы кароо жүргүзүү учурунда, ал адам киши колдуу болгондугу аныкталган. Көп узабай жабыркаган адамдын өздүгү да такталган. Ал ушул эле үйдүн тургуну 54 жаштагы Д.А. болгон.

Соттук-медициналык экспертиза дайыдалган жана кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, ошондой эле аларды колго түшүрүү боюнча тийиштүү издөө издери башталган.

Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка негизги шектүү болгон 41 жаштагы Түп районунун тургуну А.А. качып, жашынып жүргөн жерин аныкталып, колго түшүрүлдү. Алдын-ала сурак учурунда, ал экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишип, бир нече жолу баш тарапка ургулап сабагандыгын билдирген, ал алган жаракаттардын кесепетинен ошол эле жерден каза болгон.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы тандалды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783