7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчө шыпырып иштеген Бактыгүл учурда миллиондорду табат

1388

Чет элдеги мекендеш рубрикабыздын кезектеги каарманы он үч жылдан бери Москва жергесинде жашап, эмгектенип келет. Бактыгүл айым кыйын учурларды өткөргөнүн, пол жууп иштеп жүргөн күндөрүн да эске салды… Каарманыбыз мүмкүнчүлүк баарында бирдей берилээрин, болгону аракет кылыш керек экенин баса белгилеп кетти.

-Саламатсызбы, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз? Азыркы учурда эмне менен алектенесиз?

-Саламатсызбы, мен Бактыгүл Мырзабекова 26 жаштамын, сентябрда 27ге чыгам. Бир кыз, бир уулдун апасымын. Азыркы кезде дал ушул инфобизнес менен алектенемин. Инстаграм аркылуу инфопродюсер болуп, кыргыз жарандардарыбызды онлайн түрдө эң кирешелүү, актуалдуу кесипти өздөштүрүүгө жардам берем. Жыйырма эки адамдан турган командам бар, алардын баарын жумуш менен камсыз кылам.

-Москвага кантип барып калгансыз, жаңы барганда кыйынчылыктар болдубу? Ал жакта жашаганыңызга канча жыл болду?

-Башкалардай эле акча табуу максатында келгенбиз. Алгач Чита деген жергесинде жашачубуз, кийин Москвага көчүп келдик. Мен Кыргызстанда 3-4 жыл эле жашадым, калган жылдарым Россияда өттү. Бул жакта жашап, окуп ушул аралыкта өлкөбүзгө да келип турат элем. Жаңы барганда кыйынчылыктар болот, ата-энеме жардам берүү максатында баргам. Ар кандай жумуштарда иштегем, пол жууп, идиш жууп, магазиндерде менеджер болуп, гүл отургузуп, көчө шыпырып иштеген да күндөрүм болду, мен буларды айткандан уялбаймын…2009-жылдан бери Москвадамын, убакыт учкан куш дегендей быйыл 13 жыл болот экен.

-СММ боюнча окутат экенсиз. Окуучуларыңыздан ийгиликке жетип, көп киреше тапкандар болсо керек?

-Ооба, ал жакта СММ гана эмес онлайн тармагынын эң актуалдуу эң кирешелүү тармагы инфобизнес десем болот. Мен МПС чогултамын, МПС бул кардарга жумушубузду көрсөткөндө канчалык жакты, канчасы кирешеге чыкты, канча студент окуду ушунун бардыгын аныктап алсак болот. Калган 9 пайыз чыккан жок, аларга мен күнөлүү эмесмин. Биринин үй-бүлөлүк проблемасы, бири тапшырма аткарбагандыгы, жалкоо студенттерда болот. Мектеп учурунда деле баарыбыз кызыл диплом менен бүткөн эмеспизда. Ошондуктан ийгилиги, жетишкендиги ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Ошол учурда мугалимден 30 пайыз студенттен 70 пайыз десем болот.

-Сыр болбосо айына канча киреше табасыз?

-Тапканым сыр деле эмес, шүгүр миллиондорду таап жатам. Бул башталышы гана десем болот. Бул мүмкүнчүлүк баарында бар, ар бирибизге бирдей берилет колдонуу өзүбүздөн. Мен жеткен ийгиликтерге, башкаларда жете алышат.

-Сиз Кыргызстанга келип окуучуларга билимиңиз менен бөлүшсөңүз болот беле же көп киреше таба албай калам деп кооптондуңузбу? Эмнеге Москваны тандадыныз?

-Жумушумду Кыргызстанда кылсам деле ушундай киреше таба алам, 2-3 айда барып турам. Жолдошумдун жумушу Москвада, өзүбүздүн үйүбүз да  Москвада болгондуктан ушул жакта калып калганбыз. Учурда жолдошум экөөбүз Кыргызстандабыз. Ата-энебиздин үйүн ремонт кылып, балдарыбыздын жанында… Мен дагы жумушка байланыштуу, студенттерге мүмкүнчүлүктөрдү берейин деп келдим. Балким 1-2 айда Москвага кетет чыгарбыз, балким бул жакта журө турабыз. Кайсыл өлкөдө болбосун мага айырмасы жок, себеби менин жумушум онлайн, ошонусу менен дагы эч бир жерге байланбаймын. Бул иш менен дүйнөнүн кайсы бурчунда жашаба, иштей берсең болот.

-Мекендештерге кеңешиңиз
-Кайсы жерде болбоюн , кыргыздарга жардам берүүгө аракет жасайм. Мен окуучуларыма бирөөгө зыяныбызды тийгизбейли, жардам берели деп айтып келем. Айта кетчү нерсе кыйын абалда турган жарандарга колдоо көргөзүп, дос, санаалаш катары колубузду сунуп жардам берсек, сен бүгүн жардам берсең, эртең ал берет. Жолдошум мени ар дайым колдоп турат. Бул жашоодо мүмкүн эмес нерсе жок, болгону гана аракет жасасак каалаган нерсебизге жетебиз. Жашообузда болуп жаткан нерсе ниетибизге жараша эмеспи, ошондуктан туура ниет, күчтүү каалоо жана аракет болсо баардык нерсеге жетүүгө мүмкүн. Жашообузду азыр өзгөртпөсөк качан өзгөртөбүз?! Дал ушул ыйык рамазан айында кармаган орозоңуздар кабыл болсун.

Бактыгүл айым ишиңизге ийгилик! 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1389