Казакстан аркылуу Россияга баңгизат алып бара жаткан Лейлек районунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну 2022-жылдын 9-апрель күнү Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунундагы чек ара өткөрмө постунан кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшундө кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 24 кгды түзгөн 12 бирикеттеги баңгизатты табылган
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.