7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды (ТИЗМЕ)

509

Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда ЧЧК жана Тюмен көчөлөрүнүн кесилишинде 700 чарчы метр камыш күйүп, өрттүн кесепетинен “Honda Accord” үлгүсүндөгү унаанын эки дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Богот айылында жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Жалал-Абад облусунунТоктогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 230 чакырымында (Ала-Бел ашуусу) жок жүк ташуучу унаадан өрт чыккан. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Исфана шаарындагы Жаңы-Абад тилкесинде турак үйдүн бөлмөсүндө газ баллон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

510