7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик спорт комитети авиакомпания, санаторияларга 45 млн карыз

468

Жогоку Кеңештин бүгүнкү олтурумунда, депутат Шайлообек Атазов мамлекеттин намысын коргоп, эл аралык деңгээлде желегибизди желбиреткен спортчуларга кайдыгер мамиленин айынан, олимпиядалык оюндарга спортчулардын даярдыгы текке кетүүдө деген пикирин айтты.

«Күлүктү суу берип, жем берип таптабаса ал жарышка чыгып, байге ута алабы? Биздин спортчулардын сүрөөнчүсү, таптоочусу да эл, Өкмөт, Жогорку Кеңеш. Өтмөттөн спортко 106 млн каралган менен бүгүнкү күндө, 16 млн гана берилип, калганы бериле элек. Кечеги күнү Казакстанда өткөн Азиялык чемпионатта, биздин спортчулар 6 лицензия утуп келди. Бирок аны карызга утуп келди. Мамлекеттик спорт агенттиги азыр авикомпаниялар менен санаторияларга 45 млн карыз. Бул маселени өкмөт башчыга айтсам, күндөлүгүнө жазып алды, бирок натыйжа жок «-дейт депутат Атазов.

Ал ошону менен бирге улуттун, машыктыруучулардын айлыгы, тамак аш, медиктер менен камсыздалуу мактанаарлык эмес. Бирок, ошого карабай, спортчулар күжүрмөн даярданып жатат. Колдоп алалы деп чакыруу таштады.
Эске салсак июль айында Япониянын Токио шаарында боло турган «Дүйнөлүк 32 жайкы олимпияда» оюндарына биздин өлкөдөн 11 спортчу лицензия алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

469