Марат Казакаев 14-июнга чейин УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 14-апрелиндеги токтомуна ылайык, шектелүүчү Марат Казакбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 14-июнуна чейин тандалып алынган. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка болот.