7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир сутка ичинде 2 миң 275 кыргызстандык эмдөөдөн өттү

645

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавируска каршы 2 миң 275 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 680и экинчи доза алгандар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 71 миң 774 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— Бишкекте – 18 661 (бир суткада – 427, экинчи доза алгандар – 156);

— Ошто – 5 638 (бир суткада – 47, экинчи доза алгандар – 24);

— Чүй облусунда – 11 109 (бир суткада – 390, экинчи доза алгандар – 75);

— Ош облусу – 10 371 (бир суткада – 714, экинчи доза алгандар – 22);

— Ысык-Көл облусу – 7 013 (бир суткада – 93, экинчи доза алгандар – 59);

— Талас облусу – 3 474 (бир суткада – 144, экинчи доза алгандар — 37);

— Нарын облусу – 3 175 (бир суткада – 175, экинчи доза алгандар – 2);

— Жалал-Абад облусу – 9 459 (бир суткада – 554, экинчи доза алгандар – 292);

— Баткен облусу – 2 874 (бир суткада – 31, экинчи доза алгандар – 13).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646