Бир суткада 3 миң 676 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 428 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 248 адам экинчи дозасын алган.
Өлкөдө жалпы 849 миң 576 адам эмдөөдөн өткөн, анын 586 миң 578и биринчи доза менен, 262 миң 998и экинчи доза менен эмделген.