16-августка карата коронавирустан 5 бейтап каза болуп, 469 адам илдеттен сакайып чыккан. Акыркы бир сутка ичинде 237 адамдан жаңы жуктурган учур аныкталган. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
- Бишкек шаарында – 120,
- Ош шаарында – 4,
- Чүй облусунда – 37,
- Ош облусунда – 1,
- Талас облусунда – 7,
- Ысык-Көл облусунда – 39,
- Жалал-Абад облусунда – 11,
- Баткен облусунда – 18.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 101 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 112 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 249 киши айыгып чыкса, 2 миң 451 адам каза болду.