Ысык-Көл району, Корумду айылында 00:47 чамасында “Subaru Forester”, “Аudi A6” жана “Mazda-626” үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган.Кырсыктын кесепетинен 2 адам ооруканада каза болуп (1 эркек : 1990-ж.т. К у А., 1 кыз: 2001-ж.т. Эркеайым) жана 8 адам ар кандай жаракат алган (5 аял: 1989-ж.т. Б.М., 1993-ж.т. Ж. кызы М., 1997-ж.т. Б.А., 1995-ж.т. Т.П., 1982-ж.т. Динара, 3 эркек: 1991-ж.т. Ж.И., 1997-ж.т. К у У., 1992-ж.т. Э у А.).
16-августка караган түнү Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылында 3 унаа кагышып, 8 адам кажарадар болуп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жабыркаган жарандар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилинген.