Лионель Месси «Барселона» клубунан кетип жатып көз жашын сүрткөн жүз аарчы колдоочулары тарабынан кызуу талкуу жаратып, натыйжада аукционго коюлду. Анын баштапкы баасы 1 млн Аргентина песосу же 10 млн 298 АКШ долларына бааланган. Бул тууралуу кечээ, жума күнү жузаарчы аукционго коюлганда маалым болду.
«Барселона» 5 -августта Мессинин кетишин жарыялады. Команда Испания чемпионатынын финансылык эрежелерине байланыштуу Месси менен жаңы келишим түзө албаганын билдирген.
Месси 8 -августта маалымат жыйын өткөрүп, командадан кетип жатканын айтып, көзүнө жаш алган. Ал клубда калуу үчүн колунан келгендин баарын жасаганын, жакынкы арада кайтып келем деген ниети бар экендигин да айткан. Трибунада туруп ыйлап, көзүнүн жашын сүрткөң учуру млндогон күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун алып, талкууга жем таштаган.
Лионель Месси «Барселона» клубуна 2000-жылы келип, 2003-жылдан бери оюн талаасында. Бул аралыкта Испаниянын 10 жолку чемпиондугу , 7 ирет Испаниянын кубогу жана жарым кубогу, 4-ирет чемпиондор лигасы, 3 ирет Европанын супер кубогунун жеңиши камсыздалган.