Кочкор-Ата шаарында жаңы төрөт үйү курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.
Анын айтымында, тендер шаардык мэрия тарабынан жарыяланган. Төрөт үйүн куруу үчүн 74 миллион 312 миң 919 сом сарптоону пландалууда. Кочкор-Ата ооруканасынын аймагында 50 орундуу төрөт үйү пайда болот. Ал эми имарат 2023 -жылдын үчүнчү кварталында пайдаланууга берилиши керек.