«Шаардын борбордук аянтында шаардыктардын кечинде эс алуусу үчүн тиешелүү шарттар болбогондуктан, бул жерге жөө адамдар үчүн фонтандарды курууну пландап жатабыз.Болжолдуу түрдө ар бир объекттин өлчөмү 20х10 м. Аба ырайы ысык болгондо чоңдор да, балдар да фонтандын жанында сейилдеп, эс алууларын көңүлдүү өткөрө алышат. Учурда курулуштун долбоорун даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бюджетке күч келтирбеш үчүн, бул долбоорду биргелешип каржылоо программасынын алкагында бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен бирге ишке ашыруу демилгеси көтөрүлүүдө. Ишти долбоор даярдалып, сметасы бекитилгенден кийин баштайбыз. Мындай фонтан Кыргызстандын эч бир жеринде жок»-деп жазылат маалыматта.
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардын борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу долбоорунун алдын ала эскизи менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.
Планга ылайык, фонтандар Лениндин эстелигинин эки тарабына курулуп, айланасына улуттук оюм -чийим түшүрүлгөн, суу өткөрбөй турган брусчаткалар коюлат. Долбоорду даярдоого Бишкектен тиешелүү эксперттер чакырылган.
Сүрөттөрдөн Борбордук аянттагы Лениндин эстелигинин орду байкалган менен, өзү көрүнбөйт. Эстелик алынабы деген суроого, мэриянын маалымат кызматы, «Эстелик өз ордунда калып, эки чекесине оргумалар орнотулуп, реконструкцияланат» -деп жооп берди.
Бийиктиги 25 метрди түзгөн Лениндин эстелиги 1975-жылы орнотулган. Эгемендик алгандан бери, айрыкча 2013-2018 жылдары аны бузуп, ордуна кыргыз баатырларынын биринин эстелигин орнотуу боюнча демилгелер айтылып, бирок ишке ашпай келет. А чынында ушул күнгө чейин, алып салууга эч кимдин эрки жетпей келет.