Бир суткада 306 бейтаптан илдет аныкталып, 4 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 92 миң 626га жетти.
Ал эми ооруканадан 161 адам чыгарылып, жалпы айыккандардын саны 87 миң 390ду түздү.
Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен Бишкектен 2, Чүйдөн 2 адам көз жумду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны — 1 миң 561.