Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундан уулангандар тууралуу «7tv.kg» сайтына комментарий берди.
Министрдин айтымында, ууланган үй-бүлө буга чейин эле рак илдетине каршы уу коргошун ичип келишкен.
«Уу коргошунду алар рак илдетине каршы 3 жылдан бери ичип келе жатышкан экен. Аялы айтат муздак ичип алдым эле ошондон болду окшойт дейт. А күйөөсү болсо эки чыны ичип алыптыр. Алар биздин уу коргошундан эмес, өздөрү 3 жылдан бери дарыланып келген уу коргошунду ичишкен. Бирөөс дагы (аденома) залалдуу шишикке каршы иччү экен. Биз бардык. Негизи уу коргошундан уулануу жылына эле катталат да. Бул кылымдан кылымга келе жаткан элдик дарылоо. Биз COVID-19га каршы берип жатканда журналисттер ызы-чуу кылып жиберишпедиби. Болбосо биз ооруканаларда берип жатабыз да, алар үйлөрүндө ичип жатышат. Кыргызстан боюнча бардык жерде ичип жатышат муну. Ооруканадан чыгарылган рак илдетине чалдыккан бейтаптарды элдик дарыгердерге баргыла дечүбүз биз, аконит деп коёт муну, ошолордун баары ичип келишет», — дейт ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram