Кыргызстанда 4 миң 472 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү, анын ичинен 979у экинчи доза алгандар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Аймактарга бөлүп алганда:
— Бишкекте – 35 миң 437 (бир суткада – 2 миң 4, экинчи доза алгандар – 55);
— Ошто – 8 миң 841 (бир суткада – 170, экинчи доза алгандар — 147);
— Чүй облусунда – 21 миң 34 (бир суткада – 805, экинчи доза алгандар – 169);
— Ош облусунда — 12 миң 953 (бир суткада – 495, экинчи доза алгандар — 378);
— Ысык-Көл облусунда – 10 миң 725 (бир суткада – 532, экинчи доза алгандар — 30);
— Талас облусунда – 4 миң 534 (бир суткада – 25, экинчи доза алгандар — 21);
— Нарын облусунда – 4 миң 711 (бир суткада – 20, экинчи доза алгандар — 20);
— Жалал-Абад облусунда – 12 миң 821 (бир суткада – 320, экинчи доза алгандар — 99);
— Баткен облусунда – 4 миң 746 (бир суткада – 101, экинчи доза алгандар — 60).
Эскерте кетсек, вакцинацияга байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: 0(312) 546521, 0(312) 546104.