7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир суткада 96 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

606

Кыргызстанда 24-октябрга карата коронавирус дагы 96 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 52, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 54 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 689 бейтап, амбулатордук түрдө 653 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 563 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 61 киши айыгып чыкса, 2 миң 653 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

607