7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир жумада 20 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган

544

Өлкөдө 25-ноябрдан 1-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 57 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ЖКККББгы билдирет.

Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 858;
  • мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 253;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 74;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 369;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3261;
  • авто ээнбаштык – 3;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 594;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 014;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2022 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

 

545