Бириккен Араб Эмираттарынын президенти жана Абу-Дабинин эмири Халифа бин Заид Аль Нахайян каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты
Маалыматка караганда, Халифа бен Заид Аль Нахайян бүгүн, 13-майда узакка созулган оорудан улам 73 жашында дүйнө салды. Аль Нахайян президенттик кызматты атасы Заиб ибн Султан Аль Нахайян каза болгондон кийин, тагыраагы 2004-жылдын 3-ноябрынан бери аркалап келген.
Ал Бириккен Араб Эмираттарынын экинчи президенти. Ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болгон.