Буга чейин Новосибирск шаарында Кыргыз Республикасынын жараны А.Б. 7 миллион рубль уурдоого шектелип кармалгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 4-ноябрында жогоруда көрсөтүлгөн жаран кармалган күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери кармоонун себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө барышкан.
2021-жылдын 28-декабрында жана ушул жылдын 2-февралында Башкы консулдуктун атынан кылмыш ишин карап жаткан Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна жаран А.Бга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу менен байланышпаган чечим чыгаруу өтүнүчтөрү жиберилген.
«Башкы консулдуктун кызматкерлери соттолуучу КРнын жаранынын жакындары жана жактоочулары менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, кылмыш иши боюнча соттук отурумдарга катышып, ага карата мүнөздөмө материалдарын чогултууга зарыл жардам көрсөтүүдө.
Министрлик бул маселени өз көзөмөлүндө кармап турат»,-деп берилет билдирүүдө.