7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган адабий-маданий, илимий-агартуу форуму өттү

602

Бүгүн, 13-майда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкекте өткөн Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына арналган адабий-маданий, илимий-агартуу форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик катчы иш-чараны ачып жатып, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун кыргыз улуттук адабиятын жана маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Ал улуу жазуучунун «Кең-Суу», «Биздин замандын кишилери», «Темир», «Тоо балдары», «Тоо арасында», «Ыманбай пейли», «Зайыптар», «Мезгил сабактары» жана башка романдары, коомдук-саясий жактан маанилүү публицистикалары, поэтикалык чыгармалары кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлеп калганын баса белгиледи.

«Ал «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга зор салым кошуп, акыркы вариантынын 3 томдугун редакциялоого жана басмага даярдоого активдүү катышкан. «Кыргыз совет адабиятынын тарыхый очерктеринин“ башкы редактору болуу менен, атактуу «Көк асаба» тарыхый романын жараткан», — деп белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамлкеттик катчы эске салгандай, Түгөлбай Сыдыкбеков — кыргыз адабиятынын тарыхында алгач ирет роман жанрында чыгарма жараткан адам болгон.

Ал эң алгач СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын, тагыраак айтканда, III даражадагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты болгон. Ага эгемен Кыргызстандын тарыхында эң алгач КРнын Баатыры наамы ыйгарылган.

Иш-чарага окмуштуулар, илим жана маданият ишмерлери, жогорку окуу жайларынын профессорлору жана студенттери катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603