7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи айым Европа мамлекеттеринин башчыларынын жубайларынын саммитине катышты

395
Биринчи айым Айгүл Жапарова Загреб шаарында (Хорватия) Европа мамлекеттеринин башчыларынын жубайларынын жана жолдошторунун Саммитинин ишине жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу Тармагын түзүүгө катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага ошондой эле Армениянын Премьер-министринин жубайы Анна Акопян, Албаниянын Премьер-министринин жубайы Линда Рама, Болгариянын Президентинин жубайы Десислава Радева, Венгриянын Президентинин жолдошу Иштван Аттила Вереш, Испаниянын Ханышасы Летиция, Латвиянын Президентинин жубайы Андре Левите, Мальтанын Премьер-министринин жубайы Лидия Абела, Түндүк Македониянын Президентинин жубайы Элизабета Гёогиевская, Сербиянын Президентинин жубайы Тамара Вучич, Словениянын Президентинин жолдошу Алеш Мусар катышты.
Германия, Литва, Түндүк Македония, Израиль, Ирландия, Түркия президенттеринин жубайлары да өз өлкөлөрүндө балдардын семирүүсүн алдын алуу темасында Саммиттин катышуучуларына видео кайрылуу жасашты.
Биринчи айым өз сөзүндө бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында Балдардын семирүүсүн алдын алуу Тармагын түзүү максаты жакшы кабыл алууга жана колдоого татыктуу экенин баса белгиледи.
Айгүл Жапарова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда балдар арасында семирүү маселеси курч экенин билдирди.
«Кыргызстанда балдардын семирүүсүн алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат: алты айдан кем эмес эмчек эмизүү, калк арасында сергек жашоо образын жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруу, башталгыч класстарда жакшыртылган тамактанууну уюштуруу боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруу. Балдардын семиздиги боюнча маселелерди чечүүдө өлкөлөр ортосунда алдыңкы тажрыйбаны алмашуу өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү Саммиттин чоң ролу так ушунда камтылган», — деди ал.
Биринчи айым балдар арасындагы семирүүнүн тез жана кеңири жайылышына туура эмес тамактануу, гаджеттерди ашыкча колдонуу жана аз кыймылдуу жашоо образы өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Ушундай эле абал көптөгөн өлкөлөрдө байкалып, бардыгын бул багытта биргелешип иштөөгө милдеттендирет. Семиз бала ийгиликтүү жана сапаттуу жашоого тоскоол болгон ар кандай ооруларга кабылышы мүмкүн.
«Бул өз кезегинде баланын эле эмес, үй-бүлөнүн, мамлекеттин да чоң көйгөйү. Дени сак бала — ийгиликтүү адам, бактылуу үй-бүлө, күчтүү мамлекет. Ошондуктан, албетте, балдар үчүн ийгиликтүү жана сапаттуу жашоону түзүү үчүн балдардын семирүүсүнүн алдын алуу боюнча сиздер менен биргеликте жүргүзгөн ишибиз өзгөчө мааниге ээ», — деп кошумчалады Айгүл Жапарова.
Биринчи айым бул Саммит балдар арасындагы семирүүнүн алдын алуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу аянтчасы катары, албетте, оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.
Ал кыргыз элинин “Манжа башка – билек бир, жүрөк башка – тилек бир” деген накыл сөзүн келтирип, Саммиттин катышуучулары ар кайсы өлкөлөрдөн келгенин, бирок бардыгын абдан маанилүү бир көйгөй бириктирип турганын белгиледи. Бул — балдардын ден соолугу.
“Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу тармагын түзүү боюнча Загреб декларациясынын кабыл алынышын колдойт. Мен эне жана чоң эне катары балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган бардык демилгелерди жана иш-чараларды колдойм”, — деп Айгүл Жапарова сөзүн жыйынтыктады.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча Загреб декларациясы кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

396