7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто аз камсыз болгон 2612 үй бүлөгө 100 миң сомдон берилди

491

2022-жылы Ош облусунда аз камсыз болгон 350 үй бүлөгө 100миң сомдон жөлөк пул берилсе, быйыл 2612 үй бүлө менен “социалдык келишим” түзүлүп, ар бирине 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев социалдык баракчасынан билдирди.

«Социалдык келишим» долбоорунун максаттуу жана натыйжалуу ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүлүүдө. Ош облусунун аймагында КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондордун акимдери, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жетекчилиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары тарабынан “Социалдык келишим” долбоорунунун иш-аракеттери менен жеринде таанышып, жеке ишкердикке багыт алган жарандарыбыздын ал-абалын карап чыгышууда.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаевдин тапшырмасы менен мониторинг жүргүзүү иштерин Ноокат, Кара-Суу, Араван райондорунда жасап, ишкердикке багыт алган жарандарыбыздын аткарып жаткан жумуштары, келечек пландары жана көйгөйлүү маселелери менен таанышып, айрым келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чечим кабыл алуу маселелерин карадык.

“Социалдык келишим” долбоору мал, кой чарбачылыгы, кийим тигүү, соода-сатык, дыйканчылык, калкты тейлөө багытында чакан бизнес долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иш алып барышууда. 2022-жылы Ош облусунун үй бүлөгө кошумча жөлөк пул алган 350 үй бүлөгө “социалдык келишим” аркылуу 100 000 сомдон акча каражаты берилсе, 2023-жылы 2 612 үй бүлөгө 100 000 сомдон акча каражаты берилген.

Бул долбоор президент С.Жапаровдун колдоосу жана демилгеси менен Министрлер Кабинетинин кабыл алынган токтому менен КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ишке ашырылууда.”-деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

492