7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи айым Токио шаарында билим берүү мекемелерине барды

141

Биринчи айымы Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы билим берүү мекемелерине барды.

«Ota Sakuradai High School» орто мектебин кыдыруу учурунда мекеменин директору Томонори Исияма жана мугалимдер мейманды жылуу тосуп алып, Айгүл Жапарова менен жолугушууга кубанычта экендиктерин белгилешти.

«Ota Sakuradai High School» Токио шаардык орто мектеби — бул окуучулары англис тилин үйрөнүүгө, баарлашуу жөндөмдөрүн жакшыртууга жана университетке кирүүгө даярданууга багытталган «даярдоочу кесиптик орто мектеп».

Биринчи айымга 5 жана 6-класстын бир нече окуучусу Кыргызстандын гимнин аткарып беришти, ошондой эле япониялык окуучулар «Ota Sakuradai High School» кызматташып жана онлайн жолугушуулар аркылуу тажрыйба алмашып турган
Кыргызстандагы «Билимкана» мектебинин окуучулары менен онлайн өз ара байланыштар тууралуу таасирлери менен бөлүшүштү.
Мектептин ишмердүүлүгү тууралуу презентация менен таанышкан соң Айгүл Жапарова кыскача сөз сүйлөп, анда окуучулардын Кыргыз Республикасынын гимнин аткарып бергенинен чындап ырахат алганын белгилеп, алардын өлкөбүзгө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мектептин жетекчилигине эстеликке белегин берди.

Андан кийин Биринчи айым Япониядагы эң эски жеке музыкалык колледж, өлкөдө батыш классикалык музыкасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Токио музыкалык университетинде болду.

Бул жерде атайын Биринчи айым Айгүл Жапарова үчүн окуучулар кыргыз элинин музыкалык аспабы – комузда кол ойнотуп беришти, бул өнөрдү аларга мекендешибиз үйрөтөт.

Соңунда Биринчи айым аталган окуу жайга белек берди.

Маалымат үчүн: Токио музыкалык университети Япониядагы эң биринчи симфониялык оркестрди түзгөн, колледжде 600дөн ашык адамдан турган жогорку квалификациялуу жана көрүнүктүү профессорлор жана окутуучулар бар.

142