7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи айым: «Жаштар өлкөнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп келген жана ойной берет»

444

Биринчи айым Айгүл Жапарова “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык Аялдар форумуна катышуунун алкагында Москва шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринде болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айгүл Жапарова Россиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясына жана М.С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайына (институт) барганында аталган окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен баарлашты.

Кыргызстандын студенттерине кайрылуусунда Биринчи айым балдардын Россиянын эң мыкты жогорку окуу жайларында сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин канааттануу менен белгиледи.

«Жаштар — коомдун ажырагыс бөлүгү катары ар дайым элдин жана мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп келген жана ойной берет», — деп белгилеген Биринчи айым Кыргызстандан барган студенттерге окууларында чоң ийгиликтерди каалады.

Аталган окуу жайлардын профессордук-окутуучулар жамаатына кайрылып, Айгүл Жапарова алардын талыкпаган эмгеги жана кесиптик чеберчилиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер Биринчи айымдын назарына белгилүү композицияларды, чакан театрлаштырылган оюн-зоок тартуулашты.

Андан ары Айгүл Жапарова мектеп окуучуларынын тамак-ашын уюштуруунун жүрүшү менен таанышуу максатында Москва шаарындагы “№1253 мектеп” Мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесинде болду.

Айгүл Жапаровага жергиликтүү компаниялардын бири тарабынан ийгиликтүү иштеп жаткан заманбап коомдук тамактануу системасы тууралуу кеңири айтып беришти. Атап айтканда, билим берүү мекемесинин тамак-аш блогуна жеткенге чейин азыктын өткөн ар бир этабы жөнүндө маалымат берилди.

Биринчи айым менюнун ассортименти, продукцияны өндүрүүдө мүмкүн болуучу адам фактору жана башка тобокелдиктер тууралуу сурады.

Айгүл Жапаровага балдар үчүн дасторкондогу тамак-аштын коопсуздугуна кепилдик жагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды: комбинаттан окуучунун табагына жеткенге чейин 24 сааттан ашпаган убакыт. Мындан тышкары, окуучулардын ата-энелери каалаган убакта өздөрү да булардын баарын көрө алышат.

Башталгыч класстын бардык окуучуларына, анын ичинде башталгыч жалпы билим алган окуучулардын артыкчылыктуу категорияларына ысык бекер эртең мененки тамак берилет.

Аягында Биринчи айым Айгүл Жапарова мектеп тамагын уюштуруунун россиялык процесси менен жеке таанышуу үчүн аталган мекеменин ашканасынан түшкү тамактанууга чакырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

445