Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Жаңы жетекчини аймактын активине президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев тааныштырды.