7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи Май райондук соту Чойбековдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтырды

752

Бүгүн, 18-сентябрь 2020-жылдагы шайлоодо 300 000 доллар пара алууга шектелип кармалган, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Руслан Чойбековдун баш коргоо чарасы каралды.

УКМК берген маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Чойбековго, тергөө иши бүткүчө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы жана алынган далилдердин натыйжасында, «Ч.Р.» аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

753