7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек: 3 миң сомдук көмүргө кезекке тургандар 1800дөн ашты

525

Бишкек шаарында Президенттин тапшырмасы менен 3000 сомдон сатылып жаткан көмүргө кезекке тургандардын саны саат сайын өсүүдө.

Ушул учурда Мурманский  1б дарегиндеги кампада кезекке тургандардын саны 1800дөн ашты.

Ар бир жаранга 2 тоннадан ашуун берилбейт. 

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров мындан 2 күн алдын, калкка жардам иретинде 1 тоннасы 3000 сомдон ашпаган көмүр кампалары уюштурулгандагын жарыялаган.

Арзан көмүр азырынча Бишкек шаарында 2 жерде гана берилүүдө.

  • Ден-Сяопин 306/2а,
  • Мурманский 1б/1.

Бул демилге өлкөнүн башка аймактарында дагы ишке ашаары күтүлүүдө. Көмүр негизинен «Кыргыз Көмүр» ишканасынан ташылууда.

Мекеменин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова 3 күн ичинде 2300 тоннадан ашуун көмүр жүктөлүп чыгып кеткенин жазды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526