Социалдык тармактарда айдоочу патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөгөн тасма тараган. Бул тууралуу патрулдук милициядан маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда айдоочу кызматкерлер тарабынан кармалып, Октябрь РИИБине жеткирилген.
“Бүгүн саат болжол менен 11:30 чамасында Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей каршылык көрсөткөнгө аракет кылган.
Азыркы учурда айдоочу кызматкерлер тарабынан Октябрь райондук ИИБине жеткирилген. Толук маалымат дагы такталып, кененирээк берилет», — деп жазылган маалыматта.