7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров «Рияда Групп» компаниясынын президентин кабыл алды

364

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Riyada Group» («Рияда Групп») компаниясынын президенти шейх Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы Бахрейн Королчулугу менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар, ал эми өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүгү бар.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат жана ал атамекендик экономикага инвестициялоого чакырды.

Riyada Group» компаниясынын президенти шейх Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа туризм, фармацевтика, финансы, блокчейн-технологияларды пайдалануу тармагында кызматташтыкты жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

«Riyada Group» башчысы маалымдагандай, компания дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө тутумун илгерилетүүнү сунуштайт, бул республика аймагында фармацевтикалык дармектердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөнү жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Аталган тутумдун ишке киргизилиши өлкөдө рыноктогу фармацевтикалык препараттардын жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындыгын камсыздоого жана жасалма дармктердин киргизилишин толугу менен четтетүүгө мүмкүндүк берет

Мындан тышкары, тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттык сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

365