Маалыматка ылайык, Мерсико АКШнын Айыл чарба департаменти (USDA) каржылаган МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» жаңы беш жылдык программасы аркылуу Кыргызстандагы мектептерди тамактандырууну колдоону улантат.

Программанын расмий ачылышы 2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде президенттин администрациясынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жана АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултердин катышуусунда өттү.

«2017-жылдан бери программа Кыргызстандын 510 мектебин 3 миң тонна азык-түлүк менен камсыз кылды, бул 110 миң башталгыч класстын окуучусу үчүн 22,5 миллион ысык тамакты түзөт. Жаңы программа 400 мектеп үчүн 4 миң тонна азык-түлүк тартуулайт, ошондой эле мектеп ашканаларын, китепканаларды, бакчаларды жакшыртуу жана мектеп кызматкерлерин балдар менен китеп окуунун жана ысык тамак уюштуруунун жакшыртылган ыкмаларына үйрөтүүнү улантат», – деди КР билим берүү министри Болотбек Купешев.

КР Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги жана Мерсико менен биргеликте беш жылдык «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасын ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Жаңы программа балдарды байытылган тамак-аш менен камсыз кылуу өзгөчө маанилүү болгон өлкөнүн бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарында жайгашкан 400 мектепке багытталган.

«Сапаттуу тамактануунун жоктугу окуучулардын окуудагы ийгилигине тоскоол болууда. Бул долбоор күрүч, май жана жасмык сыяктуу америкалык жана жергиликтүү тамак-аштарды үйрөнүүнү каалаган он миңдеген адамдар үчүн пайдалуу», – деди АКШ элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Программа тамак-аш менен камсыз кылуудан тышкары Кыргызстандагы мектептердин инфраструктурасын жакшыртууга жана мектептердин тамактануу жайларын эл аралык стандарттарга ылайык жабдууга көмөктөшөт, ошондой эле мектептерде ысык тамак уюштуруу боюнча башталгыч класстын мугалимдерин, ашпозчуларды жана мектеп жетекчилерин окутууну улантат.

Белгиленгендей, программада окуучулардын китеп окуусунун маанилүүлүгү баса белгиленет. Андыктан мектептердин жана коомдук китепканалардын китеп фондун башталгыч класстардын окуучулары үчүн пайдалуу жана кызыктуу китептер менен толуктоого көмөк көрсөтүү улантылат.

Маалымат үчүн: Мерсико (Mercy Corps) эл аралык коммерциялык эмес уюму 25 жылдан ашык убакыт ичинде КРдагы жамааттарга гуманитардык жана техникалык колдоо көргөзүп келе жатат. АКШнын Айыл чарба департаменти (USDA) тарабынан каржыланган «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы аркылуу Мерсико мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн азык-түлүк жана мектеп инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жана оңдоого, мектеп менен бала бакчалардын тамак-аш объекттерин жабдууга гранттык каражат берип келет.