7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек: Акимияттар шаар тургундарын акысыз ташыган автоунааларды уюштурууда

729

Бүгүн кичи автобустун айдоочулары линияга чыкпай калгандыгына байланыштуу борбор калаанын акимчиликтери шаар тургундарын акысыз жеткирүүнү уюштуруп жатат.
Ленин райондук муниципалдык аймактык башкармалык шаардыктарды үй — жумуш — үй маршруту боюнча бекер жеткирүүнү уюштурушту.

Биринчи кезекте, алар карыяларды, балалуу аялдарды үйгө жетүүгө жардам беришет. Ыктыярчылар автоунааларына маршруту жазылган белгилерди орнотушкан.

Биринчи Май районунда саат 18.00дөн 21.00гө чейин автоунаалар алдыңкы айнектегине багыты жазылган кагаз коюп жүрөт. Жалпысынан 40 унаа тартылат.
Ал эми Свердлов райондук акимиаты 20 унаа чыгарган. Маршруттар унаанын алдыңкы айнегинде да көрсөтүлүп, ошол аймактын чегинде жүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы унаасы бар тургундарга кайрылуу жолдоп, жардам берүүгө чакырат.
«Урматтуу шаар тургундары, автоунаа айдоочулар! Четте калбай, жеке транспорту жок адамдарды үйүнө жетүүгө жардам берүүнү суранабыз!«, -дейт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730