7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот Кумтөрдөгү коррупцияга шектелген Өмүрбек Бабановду 2 айга камакта калтырды

656

Бүгүн, 2-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту  мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановду эки айга камакка алды. Аны УКМК  “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча кармаган болчу.  Ал 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Белгилей кетсек, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган.

17-майында Жогорку Кеӊеш министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизип, тышкы башкаруучуну дайындоо сунушун берген.

Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча 4 кылмыш иши козголгондугун айткан.

Кийинчерээк Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657