УКМК Жалал-Абад облусуна жаңы административдик имарат кура баштады. Бүгүн, 1-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев имараттын курулушуна капсула салып, баштап берди.
Жалал-Абад шаарынын Т. Байзаков көчөсүндөгү 1.4 гектар жерге курулуп жаткан 3 кабаттуу имарат курулушу ушул жылдын декабрь айына бүткөрүлөт.
«Мында кызматкерлерге бардык шарттар каралган. Атайын кызматтын башчысы курулуш иштерин чукул арада бүтүрүүнү тапшырды»- деп жазылат расмий маалыматта.
Курулушка 130 млн сом керектелсе, ал мамлекеттик бюджеттен эмес, демөөчүлөрдүн эсебинен курулуп жаткандыгы айтылды. Жакында Жалал-Абад шаарында чекисттерге көп кабаттуу турак жайдын жана балдар бакчасынын да курулушу башталат.