Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан «№1 ашканада» массалык уулануу болуп, 22 адам ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу АКИpress агенттиги
Мамлекеттик санэпид көзөмөл борбору маалыматына таянып жазды.
«Бул жарандар ашканага 25-26-май күндөрү барган. Бишкектеги ооруканаларга 13 адам, Токмоктогу ооруканаларга 9 адам барган. Бул бейтаптар аталган ашканадан бризоль тамагын жегенин айтып жатышат», — деп айтылат расмий маалыматта.
«№1 ашканага» 15 миң сом айып пул салынып, териштирүү, тактоо иштери аяктаганга чейин убактылуу жабылганы белгилүү болду.