7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов шаардыктардан кечирим сурады

944

Бүгүн 2-июнь Бишкек шаарында коомдук каттамдагы кичи автобус айдоочулары каттамга чыкпай шаар тургундарынын каттоосуна ыңгайсыздык жаратты.  Айрыкча эртең менен жумушка барчуулар кечигип, нааразычылык күчөдү.  Белгилүү болгондой Бишкек шаарында азырынча мэр жок, мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Бактыбек Кудайбергенов түштөн кийин гана шаар тургундарынан кечирим сурап, абалды оңдоого аракет жүрүп жатканын айтты.

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбордун коноктору!
Алгач, коомдук транспорттун ишиндеги учурдагы кырдаал жана шаарды айланып өтүүдө пайда болгон кыйынчылыктар үчүн кечирим сурайм!
Мен транспорттук компаниялардын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрүп келгем жана бардык тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр болушкан.
Мен шаар тургундарынын катышуусу жок, тарифтерди көтөрүү маселесин чече албайм, чечг укугум жок .
Мен коомдук транспорттун бааларынын ачык, так белгиленишин жактайм. Бул маселе эч качан ультиматум жана шантаж жолу менен чечилбейт!
Азыр Бишкек шаарынын калкын коомдук транспорттор менен камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат. Буга чейин «Манас» аэропортунун жана Президенттин мүлкүн башкаруу департаментинин автобустары тартылган.
Урматтуу бишкектиктер, биз сиздин түшүнү менен кабыл алууузга терең ишенебиз жана жакын арада коомдук транспорттогу бардык маселелер изилденип, чечимдер кабыл алынат, айрыкча тарифтерге байланыштуу чекит коюлат деп ишендирип кетебиз!»-дейт Кудайбергенов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

945