2027-жылы «Бишкек аренада» дүйнөлүк деңгээлдеги 12–15 ири иш-чара өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Эдуард Кубатов «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда эл аралык иш-чараларды уюштуруучу компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аренада музыкалык, маданий, этномаданий жана спорттук шоуларды өткөрүү каралууда.
Ошондой эле ири иш-чараларга келген конокторду жайгаштыруу үчүн Бишкектеги мейманканалардын санын көбөйтүү зарылдыгы белгиленди. Буга чейин туристтердин агымы көбөйгөн учурда мейманканалар толуп, айрым чет өлкөлүк коноктор батирлерди ижарага алууга аргасыз болушкан.



