7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү! Кыргызыстанда үшүк жүрүшү мүмкүн

2
23-25-октябрь күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми Чүйдүн түндүгүндө, Таластын Кара-Буура районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин суук болушу мүмкүн.

Ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай аба ырайы мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган жана ачык калган картошкага, ошондой эле кант кызылчасына зыян келтириши мүмкүн.

3