«Манас» эл аралык аэропортунан Делиге (Индия) чартердик каттам жанданды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, каттамдар «Эйр Манас» авиакомпаниясы тарабынан шейшемби күндөрү аткарылат. Буга чейин «Эйр Манас» авиакомпаниясы Дели шаарына 2015-2018-жылдары каттамдарды аткарган.
Эске салсак, буга чейин жай мезгилинин ортосунан тартып өлкөгө Пакистандан жарандары массалык түрдө келе баштаган. Чет элдиктердин мындай көп агымына көнө албаган коомчулук, бийлик өкулдөрүнө чек араны жабуу сунушун киргизүүгө чейин барды.
Кооптонууга негизги себеп, Оогандагы бийлик алмашуу эле.